Үстүбүздөгү жылдын январь-октябрь айларында ички дүң продукциянын көлөмү, алдын ала баалоолор боюнча, 334 миллиард сомдон ашты. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда Улуттук статистика комитетинин өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалдын жыйынтыктары боюнча маалымат жыйынында аталган мекеменин төрагасы Акылбек Осмоналиев билдирди. Анын айтымында, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул маалына салыштырганда 4,8 пайызга көбөйдү.
“Ошону менен бирге ИДПнын түзүмүндөгү эң жогорку үлүш кызмат көрсөтүү тармагына туура келди. Ал жалпы көлөмдүн 49 пайызга жакынын түздү. Өнөр жайдын үлүшү 16 пайызга, айыл чарбасы 16 пайызга жакындады, ал эми курулуш 7 пайыздан ашты.
Кошумчалай кетсем, өнөр жай продукциясынын көлөмү 140 миллиард сомдон ашты жана өткөн жылга салыштырмалуу 8,2 пайызга жогорулады. “Кумтөр” кен казуу ишканасын эсепке албаганда, бул мезгил ичинде продукциянын көлөмү 0,8 пайызга көбөйдү”,- деди Осмоналиев.