26-ноябрда күндүн экинчи жарымында өлкөдө 6 миллионунчу жаран жарык дүйнөгө келери күтүлүүдө. Муну бүгүн, 11-ноябрда Улуттук статистика комитетинин өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалдын жыйынтыктары боюнча маалымат жыйынында аталган мекеменин төрагасы Акылбек Осмоналиев билдирди. Анын айтымында, республиканын премьер-министринин буйругу менен бул окуяга байланыштуу иш-чараларды уюштуруу боюнча жумушчу топ түзүлдү.
“Бизде калкты каттоо жүргөн, ага ылайык, 2009-жылдын 24-мартында жарандардын саны 5 миллион 367 200 адам болгон. Ал эми быйылкы жылдын 1-октябрында көрсөткүч 5 миллион 986 800 болду. Ал эми бир айда өлкөдө орто эсеп менен 7-10 миң наристе төрөлөт”,- деди төрага.
“Ал эми 6 миллионунчу наристе эмгек мигранттарынын арасында төрөлөбү же кайсы облуста жарык дүйнөгө келерин биз айта албайбыз. Атайын комиссия онлайн түрүндө ошол күнү төрөлүп жаткан балдарды санап аныктайт”,- деди ал.