Олимпиадалык резервдин республикалык окуу жайынын директорунун милдетин Айнура Шакиралиева аткармакчы

Шералы Сыдыков атындагы Олимпиадалык резервдин республикалык окуу жайынын директорунун милдетин Айнура Шакиралиева аткармакчы. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Маалым болгондой, буга чейин ал билим берүү тармагында көп жыл эмгектенип келген. Жакында аталган окуу жайда окуу бөлүмү боюнча директордун орун басары кызматын алган. Ошондой эле окуу жайдын директорунун спорт бөлүмү боюнча орун басары дайындалды. Бул кызматты убактылуу КРнын Эмгек сиңирген машыктыруучусу, СССРдин Спорт чебери Азамат Жарматов аркаламакчы.

Кошумчалай кетсек, аталган окуу жайдын тарбиялануучулары 20-октябрда Бишкектеги №38-мектепке бастырып киришкен. Окуя болгон жерде мектеп окуучуларынын сабалганы аныкталган. Балдардын бул жоругуна байланыштуу окуу жайдын ишмердүүлүгү 9-ноябрга чейин токтотулуп, директор Маратбек Кыбраев кызматынан четтетилген. Директор ачык сынактын негизинде ушул жылдын аягында дайындалат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан