Нарындагы Жаштар ордосу Нарын шаарынын жана облустун жаштарын 10-Ноябрь - Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнү менен куттуктап, иш-чара өткөрдү. Анда облустун аймагындагы алдынкы жаштарга өкүлчүлүктүн, шаардык мэриянын, облустук Жаштар башкармалыгынын, Профсоюздар бирлигинин жана Жаштар ордосунун Ардак грамоталары тапшырылып, концерттик программа тартууланды.
Мэриянын жана өкүлчүлүктүн Ардак грамоталарына Жаштар ордосунун бир катар кызматкерлери менен ыктыярчылары да татыктуу болушту.