Октябрь айында өлкөдө 1-сорттогу ун, койдун эти, алманын баасы арзандады. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда Улуттук статистика комитетинин жыйынында айтылды. Маалыматка караганда, октябрда баанын өсүшү азык-түлүктүк эмес товарларга 0,7 пайызды, спирт ичимдиктерине жана тамекиге 0,9 пайызды түздү.
"1-сорттогу ундун баасы 0,2 пайызга, жаңы союлган мал этинин баасы 0,4 пайызга, картошканын баасы 3 пайызга, алманын жана алмуруттун баасы 24,5 пайызга төмөндөдү. Үстүбүздөгү жылдын октябрында мурунку айга салыштырмалуу керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы республиканын бардык аймактарында байкалды, жогорку көрсөткүч Нарын облусунда катталды",- деп айтылды маалыматта.