Ош шаарындагы "Жапалак" унаа базарынын жеке менчикке берилери соодагерлердин тынчын алууда. Алар SUPER.KG'ге билдиришкендей, базар мамлекеттин менчигинен жеке менчикке берилгени жатат. "Базардан түшкөн салык өзүн актабай жатканы буга себеп имиш. Эми базар жеке менчикке берилсе, аны алган адам өзүнө пайда калтырыш үчүн ижараны сөзсүз көтөрөт. Мындан улам баягы эле карапайым элге оор болот жана базардан түшкөн пайда тең экиге бөлүнүп калат",- дешет соодаргерлер.
Мындан тышкары алар бул маселени чечүүчү жолун сунушташты.
"Базарды жеке менчикке бергенден көрө, муну иштете албаган кызматкерлерди иштен алып, базардын ишин оңдоп кете алган адисти койсо жакшы болмок. Өлкөбүздө мамлекеттик базарлар аз болсо керек. Ошондуктан санын кыскартпоо туура",- деген пикирде соодагерлер.
Алар бул базар Мелис Мырзакматов Оштун мэри болуп турган кезде салынганын баса белгилешти.