Быйылкы жылдын биринчи жарымында өлкөгө келген туристтердин саны 1,2 миллионду түздү

Быйылкы жылдын биринчи жарымында өлкөгө келген туристтердин саны 1,2 миллионду түздү. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда Улуттук статистика комитетинин айлана-чөйрө жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар статистикасы бөлүмүнүн башчысы Каныкей Оросбаева жыйында билдирди. Анын айтымында, бул көрсөткүч былтыркы жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 1,8 пайызга көбөйгөн.

Быйыл кыргыз жергесинин мамлекеттик чек арасын 3 миллион 363 адам кесип өткөн, анын 2 миллион 375и кыргыз-казак чек арасынан өткөн. Алардын 1 миллиондон ашыгы гана туристтер болгон, анткени андан көп адамды тейлегенге чама жетпейт.

Айта кетсек, туристтерди жыл башынан бери 450 эс алуучу жай жана туризмди уюштуруучу мекемелер тейлешкен. Ошол эле маалда өлкөдө 1-октябрга карата 100 миңге жакын туризм чөйрөсү менен байланышкан чарба жүргүзүүчү субъект каттоого алынган”,- деди адис.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан