2012-жылдан бери эмгек мигранттарынын саны бир топ азайган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин демографиялык статистика бөлүмүнүн башчысы Римма Чыныбаева билдирди. Анын айтымында, мындай олуттуу төмөндөөнүн негизги фактору болуп Орусия Федерациясындагы чет өлкөлүк жарандардын үстүнөн болгон миграциялык көзөмөлдүн күчөтүлүшү саналат.
“Мекендештерибиздин көбү Орусияда иштеп келишет. Мурункудай эле мигранттардын көпчүлүгүн орустар, кыргыздар жана өзбектер түзөт. Биздин жарандар туруктуу жашай турган жайды тандоо планында үстөмдүк кылуучу мамлекеттер болуп Орусия менен Казакстан, ал эми кийинки кезекте Германия жана АКШ эсептелет”,- дейт адис.
"Акыркы жылдары Кытайдан кыргыз жергесине туруктуу жашаганы келген жарандардын саны көбөйүүдө. Мисалга алсак, 2010-жылы алардын саны 43 адамды түзсө, 2014-жылы бул сан 128 кишиге жеткен",- деп белгиледи Чыныбаева.