13-14-ноябрда өлкөдө мезгил-мезгили менен жамгыр, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Тоолуу аймактардын автоунаа жолдорунда кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болот. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге чейин жетет.
Мындай жаан-чачындуу аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.