Кечээ, 10-ноябрда КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан Араван райондук мамлекеттик администрациясында "2015-2020-жылдарга карата диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планын аткаруу жана тийиштүү отчёттуулукту берүү" аталышындагы жыйын өттү. Ага облус башчысынын аппаратынын өкүлү Таалай Матенов, Араван районунун акими Курбанбек Айтибаев, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, айыл өкмөтүнүн башчылары, мечит имамдары жана мектеп директорлору катышышты.
Жыйында Сирияга азгырылган жаштарга бөгөт коюу, окуучулардын ар түрдүү терс көрүнүштөргө жол берүүсүнүн алдын алуу, мечиттердин каттоосуз салынуусу тууралуу бир топ курч маселелер талкууга алынды. Ошондой эле Араван райондук мамлекеттик администрациясы “Араван-Прогресс” коомдук фонду менен биргеликте 10 чоң мектептин базасында окуучулар үчүн диний экстремизм жана окуучулардын ар түрдүү диний агымдарга кирип кетпөөсүнүн алдын алуу боюнча атайын пилоттук иш-чара иштеп чыккандыгы белгилүү болду.
Бул иш-чарага ата-энелер, мугалимдер, Аялдар кеңеши, райондук башкы имам-хатиб, айыл башчылары, өспүрүмдөр менен иш алып барган уюм жана укук коргоо органдары тартылып, жалпы кеңешип чечилген темаларда жолугушуу сабактары өтүлүүдө. Мында окуучулар 2 категорияга бөлүнүп, 5-8-класстар үчүн жана 9-11-класстар үчүн жаш курагына жараша “Сирияга кеткен үй-бүлөлөр жана жаш балдардын бири-бирине болгон зомбулугу” деген темада бир айда 2 жолудан 2 сааттык жолугушуу сабактары өтүлүп жаткандыгы белгиленди.
Эскерте кетсек, жыйын соңунда КРнын Коргоо кеңешинин алкагында мындан ары да бардык тараптар биргелешип иш алып барууну күчөтүү чечимин кабыл алышты.