Кыргыз мамлекетинде доллардын курсу дагы көтөрүлдү. Бишкекте учурда 1 долларды сатып алуу 71 сом 80 тыйын, сатуу 72 сом 20 тыйын болууда (11-ноябрь, саат 21:20га карата). Айта кетсек, сомдун туруктуулугун сактоо үчүн Улуттук банк жакында ири суммада интервенция жасаган, бирок анын жыйынтыгы азырынча байкала элек.
Мындан төрт ай мурун доллардын курсу 62 сом 72 тыйын болчу.
Валюталык интервенция - мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн Улуттук банк тарабынан валюта рыногунда чет элдик валютанын сатылышы же сатылып алынышы.