Турдубек Мамбетов мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка 11-ноябрда премьер-министр Темир Сариев кол койгонун өкмөттөн кабарлашты.
Жакында өкмөт отставкага кеткенге чейин Мамбетов аталган мекемени жетектеп келген. Жаңы өкмөт түзүлөрү менен ошол кызматына кайра дайындалды.