Жыл башынан бери арак өндүрүмүнөн түшкөн акциздик салыктын көлөмү 55 пайызга гана аткарылды. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда журналисттер менен жолугушууда Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Замир Осмонов билдирди. Анын айтымында, буга бир катар себептер бар.
«Жалпы акциздик салык боюнча план 85 пайызга аткарылды. Анын ичинен бөлүп карасак, арак боюнча салык төлөө болжол менен 55 пайызга аткарылды. Ошол эле учурда ички рынокто алкоголдук ичимдиктерди колдонуу азайган эмес. Ал эми арак чыгаруучу ишканалардын билдирүүсүнө таянсак, өлкөдө жарандар спирт ичимдиктерин мурункудай деңгээлде ичпей калышкан. Учурда мечити жок бир да айыл калбай калды. Кээ бир тойлор такыр арагы жок өтүүдө. Биздин орган ага карабай мындай заводдорго видеокөзөмөлдөөлөрдү орнотту. Байкоо онлайн режиминде биздин гана кызматка көрүнүп турат. Мындан тышкары чыгарылып жаткан продукциянын көлөмүн көрсөтүүчү жабдыктар коюлду»,-деди төрага.
Айта кетсек, бүгүнкү күндө республика боюнча 7 арак заводу бар, алардын үчөө Бишкекте, үчөө Чүй облусунда жана бирөө Ысык-Көл облусунда жайгашкан. Шарап чыгарган 17 ишкана жана коньяк чыгарган 2 завод иштейт.