Жалал-Абадда күч түзүмдөрүнүн күжүрмөн даярдыктарын күчөтүү максатында аскердик жүрүш өткөрүлөт

14-ноябрда Жалал-Абадда “Мекеним менин - Кыргызстан” долбоорунун алкагында күч түзүмдөрүнүн күжүрмөн даярдыктарын күчөтүү максатында аскердик жүрүш өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, бул иш-чаранын алкагында Жалал-Абад шаарынын кире беришиндеги аркадан Кара-Дарыя айылынын Серный кыштагындагы аскердик полигонго чейинки 20 чакырым аралыкты жөө басып өтүү жана аскер полигонунда куралдардан ок атууну өткөрүү, аскердик жүрүшкө катышкан бөлүктөр арасында ар кандай спорттук мелдештерди уюштуруу каралган. Алар: автоматты чачып, кайра куроо, аркан тартыш, гиря көтөрүү, кол күрөш, граната ыргытуу, автомобиль сүйрөө, газдан коргоочу каражат кийүү.

"Жүрүштүн катышуучуларына талаа аскердик ашканасынан атайын түшкү тамак берилет. Аскердик жүрүшкө 1500дөй адам катышары күтүлүүдө. Иш-чара 14-ноябрь күнү саат 7:30дан тартып кечки саат 16:00гө чейин өткөрүлөт. Катышуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана жалпы уюштуруу маселелерин Жалал-Абад ОИИБи өз жоопкерчилигине алды",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан