Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун Тегизчил айылында жашоонун кыйын кырдаалына туш болгон балдарга жана үй-бүлөлөргө жардам бере турган борбор ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, кризистик борбор 4 жаштан 18 жашка чейинки балдарга жана 7 жашка чейинки наристелери бар энелерге жардам көрсөтөт.
Салтанаттуу иш-чарага жергиликтүү тургундардан тышкары аталган министрликтин башчысы Кудайберген Базарбаев жана өкмөттүн облустагы атайын ыйгарым өкүлүнүн орун басары Рита Борбукеева катышты. Борбукееванын айтымында, Ак-Суу районунда психологиялык, юридикалык жана медициналык жардамга муктаж балдар жана аялдар көп. “Бул кризистик борбор Ысык-Көл аймагындагы маанилүү социалдык көйгөйлөрдү чечүүдө чоң баскыч болуп эсептелет”,- деди Борбукеева.