Өлкөдө 61 миңден ашык ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаран социалдык жөлөк пул алат

Өлкөдө 61,8 миң ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаран социалдык жөлөк пул алат. Муну бүгүн, 13-ноябрда Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, анын 27,8 миңин жашы 18ге жете элек балдар жана өспүрүмдөр түзөт. Ал эми 27,9 миң адам бала чагынан бери ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген болсо, дагы 6,1 миң жаран кийинчерээк ден соолугу жабыркап бул топко кошулгандар.

Ай сайын төлөнчү жөлөк пул иштөөгө мүмкүнчүлүгү жок жана пенсия алууга укуктуу эмес жарандарга берилип келет. Анын орточо көлөмү 2 424,8 сомду түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан