2015-жылкы ажылык зыяраттын баасы ар бир жаранга 2550 долларды түздү. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда маалымат жыйынында муфтийдин орун басары Замир Ракиев билдирди. Айтымында, бул сумма Сауд Арабиядагы мейманканалардын кымбатташы жана тийиштүү мекеменин койгон талаптарын эске алуу менен түзүлдү.
"Муфтият 2014-жылдан бери коррупцияга жол бербөө максатында ажылыкты чүчү кулак аркылуу өткөрүп, бир топ жогорку деңгээлге жетише алды. Мындан сырткары чүчү кулак аркылуу уюштурулган ажылык сапар калк арасында акыйкаттуу, таза жана калыс өткөндүгүнө карапайым эл өзүнүн ыраазычылыгын билдирди. Бул көрсөткүч мусулман өлкөлөрүнүн арасында бир топ натыйжалуулугун көрсөтүп, коррупциялык иштерге бөгөт койгон",- деди Ракиев.