Быйыл ажылык сапарга жазылып, бирок кайра баш тарткандар көп болду. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда маалымат жыйынында муфтийдин орун басары Замир Ракиев билдирди. Анын айтымында, өлкөнүн түндүк аймагынан 625 квота ээсиз калып, башкаларга берилди.
"Быйыл ажылык сапарга айрым жарандарыбыз кризистин айынан, каза болуп калып же оорунун айынан бара албай калышты. Ошентсе да катталып, анан баш тарткандардын орду бат эле толтурулду. Мисалы, түндүк аймагында ашып калган квоталар түштүктө кезекте тургандарга берилди. Быйыл кыргыз өлкөсүнө 3685 жана кошумча 500 квота бөлүнүп, жалпы 4185 адам ажылык сапарга барып келди. Ажылык учурунда 4 зыяратчы өз ажалы менен көз жумду. Алардын сөөгү туугандарынын уруксаты менен Мекке шаарына коюлду",- деди Ракиев.