"Сауд Арабия буга чейин ажылыкты өзү өткөрүп келген жана ага башка өлкөлөрдүн кийлигишүүсү зарыл эмес" дейт муфтийдин орун басары

"Сауд Арабия мамлекети буга чейин ажылыкты өткөрүп келген жана ага башка өлкөлөрдүн кийлигишүүсү зарыл эмес". Муну бүгүн, 13-ноябрда муфтийдин орун басары Равшан ажы Эратов журналисттерге билдирди. Анын айтымында, "ажылыкты Сауд Арабия менен бирге бир катар өлкөлөр өткөрсүн" деген сунуш боюнча КРнын Мусулмандар дин башкармалыгы оюн билдирген жок.

«Быйыл ажылык маалында Меккеде катуу шамал катталып, анын кесепетинен чоң кран кулап, 187 адам каза тапты. Ошондой эле Медина өрөөнүндө адамдардын тыгылышы болуп, тепселендиден 800гө жакын адам каза болгон. Жараткандын жардамы менен кыргыз жарандары ушул эки ири кырсыктан аман калышты.

Ошол эле учурда кээ бир мамлекеттер «Сауд Арабиянын жетекчилиги ажылыкты жакшы өткөрүүгө алы жетпейт, алар менен бирге өткөрүү керек жана комиссия түзүлсүн» деп сунуш киргизишти. Биздин тарап бул боюнча эч кандай оюн айткан жок»,- деди орун басар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан