Ош шаарында 3 жана 4 жашар эки баласын бейтааныш бала багуучуга таштап, Орусияга кеткен айым энелик укугунан ажыратылышы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда SUPER.KG порталына Кара-Суу райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кароосуз калган наристелер Балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо борборлоруна мыйзам боюнча 6 ай мөөнөткө жайгаштырылат. "Эгер бул мөөнөттүн ичинде ата-энелери табылбаса, наристелер соттун чечими менен туугандарынын камкордугуна берилишет же балдар үйүнө өткөрүлүшөт. Эгер атасы же энеси табылса, сот ата-энелик укуктан ажыратуу маселесин карап, чечим чыгарат",- деп түшүндүрүштү Кара-Суу райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынан.
Айта кетсек, 4 жашар Рамазанды жана 3 жашар Каныкейди бейтааныш адамга калтырган апасы 12-октябрда издөөгө алынган. Эки күндөн кийин ал байланышка чыгып, 25-октябрдан 1-ноябрга чейин келерин айткан. Бул убакыт аралыгында келе албагандыгынан улам Орусиядагы жумушунан эмгек акысын алары менен Ошко кайтып келерин убадалаган.