Кыргыз мамлекетинде социалдык кызматкерлердин айлыгы 3800 сомдон 6500 сомго көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда Социалдык өнүгүү жана эмгек министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, аталган министрлик социалдык жумушчулардын көрсөткөн кызматынын сапатын жакшыртуу үчүн ушундай демилге көтөрдү.
Айта кетсек, бүгүнкү күндө 945 социалдык кызматкер 10 миңдей улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга кам көрөт.