Кыргыз мамлекетинде доллардын курсу улам көтөрүлүүдө. Бишкекте учурда 1 долларды сатып алуу 72 сом 20 тыйын, сатуу 72 сом 60 тыйын болууда (13-ноябрь, саат 13:50гө карата). Айрым акча алмаштыруучу жайлар долларды 72 сом 20 тыйындан сатып алышып, 72 сом 80 тыйындан сатышууда.
Айта кетсек, сомдун туруктуулугун сактоо үчүн Улуттук банк 12-ноябрда 14,2 миллион доллар суммасында интервенция жасады.
Мындан төрт ай мурун доллардын курсу 62 сом 72 тыйын болчу.
Валюталык интервенция - мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн Улуттук банк тарабынан валюта рыногунда чет элдик валютанын сатылышы же сатылып алынышы.