LG: G4 смартфондор арасында элитага айланды!

Камеранын пайда болушу жана биринчи сүрөттүн жаралышы тарыхтын кескин өзгөргөн учуру болгон. Көлөмдүү жана оор алгачкы камералар башында расмий портреттерди гана тартуу үчүн ойлоп табылган. Бүгүнкү күндө камера кол жетерлик жабдууга айланды, сүрөт тартуу аз убакытты алат жана күнүмдүк жашоодо көп колдонулууда. Адамдардын көбү азыркы учурда смартфондордун камерасын колдонушат жана алардагы мүмкүнчүлүктөр мурунку доордун эң татаал камераларынын жөндөмдүүлүгүн артка таштайт. Фото ишинин универсалдуулукка ээ болушу биздин лексиконубузга азыр популярдуу болуп жаткан "селфи" деген сөздү киргизди.

Статистикага ылайык, дүйнө жүзүндө учурда 5,2 миллиардга жакын уюлдук телефон колдонулат жана алардын болжолдуу 83 пайызы камера менен жабдылган. Мындай смартфондордун таралышы (көбүнчө, өнүгүп жаткан рынокто) адамдардын 70 пайызы сүрөткө түшүү үчүн уюлдук телефонун колдонорун айгинелейт.

Өндүрүш өкүлдөрү жана аналитиктер 2015-жылы смартфондор менен 1 триллионго жакын сүрөт тартыларын жана дүйнөдө интеллектуалдык камералардын популярдуулугу өсүп, жыйынтыгында телефондордун маалымат сактоо, анын ичинде сүрөттөрдү көп кабыл алуу мүмкүнчүлүгү жогорулай турганын божомолдоодо.

Смартфон камераларынын артыкчылыктарынын бири - сүрөттөрдү жана видеолорду тексттүү маалымат менен кошо же социалдык түйүндөрдө көз ирмемде алмашуу жөндөмдүүлүгү. Бир күндө тартылган миллиарддаган сүрөттөрдүн болжолдуу 1,8 миллиарды социалдык түйүндөрдө жарыяланат. 2013-жылы бул көрсөткүч болгону 500 миллион болчу.

LG смартфондорунун катарында алдынкы функцияларды ичине камтуу менен G4 элитага айланды. Аппарат Qualcomm Snapdragon процессору менен иштейт жана эксперттердин пикири боюнча, көптөгөн ыңгайлуу технологиялык жаңычылдыктар менен камсыздалган.

Өзүнүн ыңгайлуу конструкциясына кошумча G4 5.5 дюймдуу Quad HD IPS дисплейинде иштейт. Бул сүрөттөлүштү кристаллдай тунук көрүүгө мүмкүндүк берет. G4 сенсорунун сезгичтигинин күчөтүлүшү смартфонду колдонууда ыңгайлуулуктун жаңы деңгээлин тартуулайт.

Чыныгы секирик - смартфондун камерасы! G4 смартфонунун 16 MP камерасы сүрөттү деталдуу тартат жана колдонуучунун сүрөттү жогорку сапатта тартуусуна жардамдашуу үчүн түзүмдөөнүн кол менен башкарылчу жаңы системи менен жабдылган. Заманбап колдонуучунун көз карашы менен караганда G4 сүрөттү өз учурунда сапаттуу тартууда профессионалдуу фотоаппаратты алмаштыруучу идеалдуу телефон.

Жаңы инновациялык G4 смартфонун "Планета GSM" дүкөнүнөн сунушталган баада: 39 900 сомго сатып алсаңыз болот (корпусу булгары менен жасалган).


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (28)
nuriyaeljan
2015-11-13 17:33:44
канча сом же атын очкур канча доллап турат
+4
Adik74
2015-11-13 18:49:14
nuriyaeljan, 39900 деп жазылып турат
+1
Mr.STRONG
2015-11-13 18:39:18
Кыргызстанда бар бекен
-2
Rifle
2015-11-14 19:29:32
Mr.STRONG, Үйүнө жеткирип да берет ала турган болсон.
Мага Атбашыга жеткирип берди Red mi not2 алдым эле.
0
nurkojo
2015-11-13 21:25:33
Супер инфо ушул смартфондун аркаңгы камеранын айланасы кызып кетет окшойт... Толугураак информация берип коюңуздарчы..... менде g3 бар...
0
MAN-CITY
2015-11-15 02:55:11
nurkojo, Qualcomm Snapdragon деп жазылып турат процессорун ото катуу кызытат печкеден айырмасы жок.
0
nurkojo
2015-11-16 14:01:51
MAN-CITY, Албай койгон жакшы окшойт Москва барсам алайын дегем...
0
Rashinboy
2015-11-13 23:27:25
Китайский
0
Rifle
2015-11-14 14:54:19
Rashinboy, :) мышык майга жетбей сасык деген экен
+2
chyngyz-KG
2015-11-14 18:53:12
подвалга тушсон тартпай калгандары чатак.Эн простойлор тартат неге?
0
Rifle
2015-11-14 19:30:19
chyngyz-KG, модемин прошивать этип көр.
0
Gema
2015-11-14 18:55:46
азырынча мага алмадан башка артык эч нерсе жоктой)
0
Patrik
2015-11-14 18:56:53
40000 ге тел алгыча торпоктуу уй алып койсо болот
+21
Aksy1993
2015-11-14 19:50:27
Patrik, Торпоктуу уйду тел-дун ордуна коргон кызык адам экенсин.
-9
Gulya21
2015-11-14 20:12:02
Aksy1993, торпоктуу уй ошол телге караганда пайдасы көбүрөөк тийет жан баксан болот телге жан багып болобу
+6
ruffo90
2015-11-14 20:33:54
Gulya21, Торпоктуу уйду телефондун ордуна чонтогуно салып журсон шаарда окшошпой калат ко.
-2
Patrik
2015-11-14 21:48:15
ruffo90, тушунгон адам тушунот.
+3
Sandrana
2015-11-15 12:06:06
ruffo90,ТОРПОКТУУ УЙду алып бир эки жылдан кийин сатсан 40000 ден эки эсе пайда табасын,ал эми LGни бир эки жылдан кийин сатып кор 10000 минге аран сатасын кимиси туура ошондо карап коргуло.Бирок ото кымбат телефон которсонда которбосонда ошол эле адамсын!
+2
nurik2103
2015-11-14 20:57:07
Aksy1993, торпоктуу уй 3 жылдан кийин уч торпок тууп ошол менен 5 мал болот бироосун сатып мындан жакшысын алып аласын, а бул телефон 3 жылдан кийин бузулат же жоголот
+3
mts0001
2015-11-14 20:46:07
торпоктуу уй сут берет а телдин эмне пайдасы бар
+2
zhykyo
2015-11-14 21:16:23
Музоолуу уй .
+2
jumatone
2015-11-14 21:41:08
торпок канчадан болуп атат
0
Kanat198816
2015-11-14 22:43:54
Супер инфо силер суперсинер агыда АЛГА!!! АЛГА!!! АЛГА!!!
-2
dav312
2015-11-14 23:38:58
Бул телефонду да колдонуп кордук чындап жакшы экен бирок камерасы ото эле начар ошонусу эле жакпады иштоо тартиби абдан эле жакшы
-1
Truelensk
2015-11-15 11:13:24
Баасы кымбат,3д оюнду которо алабы?
0
tuigan.
2015-11-15 12:32:38
Техниканын онуккон заманы.бирин алсан экинчиси чыгат азгырып.шайтан да булар.
+1
admin_portal
2015-11-16 15:32:34
aitemir1992, jumatone, AK-47. - эскертүү!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан