Кыргыз жергесинин муфтийи Максат Токтомушовдун коңшу өлкөлөрдө экстремисттик деп таанылган “Таблиги жамаат” кыймылына тиешеси бар же жок экени текшерилүүдө. Муну бүгүн, 13-ноябрда журналисттерге Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директорунун орун басары Бактыбек Осмонов билдирди. Анын айтымында, аталган кыймыл Казакстан, Орусия, Өзбекстан жана Тажикстанда экстремисттик деп таанылып, тыюу салынган.
“Кыргыз жергесинде "Таблиги жамаат" кыймылына азырынча тыюу салына элек. Аны жалгыз сот гана чечет. Ал эми муфтийдин бул кыймылга тиешеси бар же жок экени былтыр Коргоо кеңешинин жыйынында каралып, бул боюнча УКМК, ИИМ жана Дин иштери боюнча комиссия иликтөө өткөрүп, жыйынтыктары чыгарылган, бирок азырынча ал жөнүндө кененирээк айта албайм. Бардык маалыматтар Башкы прокуратурага жөнөтүлдү.
Бул боюнча муфтий аталган кыймылга тиешеси жок экенин билдирди, биз ага ишенебиз”,- деди Осмонов.