Кутурган ит тиштеп Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасында дарыланып жаткан 2 жаштагы Э.Алина 12-ноябрда көз жумду. Көрсөтүлгөн жардамга карабай жаракаты оор кыз каза болгон. Аны менен кошо ооруканага жаткырылган үч адамдын абалы жакшы.
Эске салсак, Кара-Суу районундагы Учар айылында 1-ноябрь күнү саат 11:00 чамасында кара түстөгү ит алдынан чыккан адамдарга жана иттерге кол салып, тиштеп кете берген. Анын кесепетинен Учар айылынан 3 адам жана Ош шаарынын аймагынан 1 адам жабыркаган. Мындан сырткары айылдын иттери да тиштелген. Учар айылынын жергиликтүү тургундары тарабынан ит өлтүрүлүп, аны ветеринардык лабораториядан текшергенде, иттин кутуруп кеткендиги аныкталган.