“Түндүк электр” ачык акционердик коомунун абоненттери быйылкы жылдын апрель айынан октябрь айына чейин 2,2 миллиард кВт-саат электр энергиясын сарпташты. Натыйжада өкмөттөн каралган ченемден 135,5 миллион кВт-саат электр энергиясы үнөмдөлдү. Бул тууралуу 13-ноябрда ишкананын басма сөз кызматы билдирди.
Жогорудагы аралыкта борбор калаада 73,7 миллион кВт-саат электр энергиясы үнөмдөлгөн. Мерчемделген 1,1 миллиард кВт-сааттан бишкектиктер апрель-октябрь айларында 1 миллиард кВт электр энергиясын сарпташты.
Чүй облусу боюнча каралган 1 миллиард кВт-сааттан 988 миллион кВт-сааттан кичине көбүрөөк электр энергиясы пайдаланылган. Талас облусуна мерчемделген 147,3 миллион кВт-сааттын 157,8 кВт-сааты керектелген. Ушуну менен каралган электр энергиясын үнөмдөө Бишкекте 6,37 пайыз, Талас облусунда 4,93 пайыз, Чүй облусунда 6,68 пайызды түздү.