13-ноябрда Ош гуманитардык-педагогикалык институту 90 жылдыгын белгилеп, жаңы окуу имаратынын ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы билдирди.
Жаңы имарат заманбап билим алууга ылайыкташтырылып, 400 орундуу конференциялык залы менен кошо салынды. Ошону менен катар окуу жайдын архивдик музейи ачылып, көргөзмөлөр коюлду.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев, Абдувахаб Нурбаев, шаардык кеңештин депутаттары, Улуттук илимдер академиясынын өкүлдөрү, өлкөдөгү жогорку окуу жайларынын ректорлору, белгилүү педагогдор катышты. Майрамдык кечеде концерттик программа тартууланды.