Дүйнө эли Париждеги теракттын курмандыктарын эскерип, ар кайсы мамлекеттеги Франциянын элчилигинин имаратынын алдына гүл, күйгүзүлгөн шамдар коюлду. Мындан сырткары француз элинин кайгысын бөлүшүү максатында дүйнө жүзүндөгү архитектуралык эстеликтер Франциянын желегинин өңдөрү менен жанып турду.
13-ноябрда Парижде бир катар террордук акттар болгон. "Стад де Франс" стадионунда террористтер өздөрүн жардырып жиберишкен. Ондогон адамдар борбордук көчөлөрдө, кафелерде октон каза болушса, "Батаклан" концерттик залындагы көрүүчүлөрдү да куралчан террорчулар атып салышкан. Франциянын борбор шаарындагы теракттар боюнча жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" тобу алган.
Буга чейин 150 адамдын мерт болгону айтылган эле. Акыркы расмий маалыматка таянсак, 129 адам каза болуп, 352 адам жаракат алган. Муну Париждин прокурору Франсуа Моленске шилтеме берип чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
КРнын Тышкы иштер министрлиги каза болгондор жана жаракат алгандардын арасында кыргыз жарандары жок экенин маалымдады.