Бишкекте 17-ноябрда өтүүчү Кыргыз Республикасы менен Иорданиянын футболдук беттешине байланыштуу айрым көчөлөрдө автоунаа кыймылынын жүрүшүнө Бишкек шаардык жол-кайгуул кызматы тарабынан чектөө киргизилет. Саат 14:00дөн 00:00гө чейин төмөнкү көчөлөрдө унаалар үчүн жол кыймылы жабык болот: Фрунзе көчөсүнүн Эркиндик бульварынан Исанов көчөсүнө чейинки бөлүгү, Тоголок Молдо көчөсүнүн Чүй кең көчөсүнөн Жибек-Жолу көчөсүнө чейинки бөлүгү. Киев көчөсүндө да чектөөлөр болот.
Бишкек шаардык жол-кайгуул кызматы шаар тургундарына жана конокторго бул ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле жасап, алдын ала өтүү жолдорун пландап, белгиленген ылдамдыкты сактоосун сунуштайт.