Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги жана "Супер-Инфо" гезити окуучулар арасында дил баяндар сынагын жарыялайт

Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги жана өлкөбүздүн ММКлары окуучулар арасында "Кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм" аттуу дил баяндар сынагын жарыялайт. Жалпыга маалымдоо каражаттарына өз-өзүнчө аймактар бөлүштүрүлгөн. Буга ылайык, "Супер-Инфо" гезити Нарын облусундагы мектеп окуучуларынын арасынан жеңүүчүнү аныктайт жана дил баяндарды konkurs@super.kg электрондук почтасы аркылуу кабыл алат.

Сынактын жыйынтыгы редакциялык кеңештин чечимине ылайык чыгарылат. Ар бир облустан, Бишкек жана Ош шаарларынан бирден жеңүүчү (жалпысынан 9 окуучу) Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилигинин диплому менен сыйланат жана кышкы каникулду Малайзияда өткөрүүгө жолдомого ээ болот. Жеңүүчүнүн сапарынын чыгымы (барып-келүү, жатакана, эртең мененки тамак) Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги тарабынан каржыланмакчы.

Сынактын максаты:

- Окуучулардын билим алуусуна шык берүү;

- Балдардын жана улуулардын көңүлүн өз өлкөсүндөгү табигый, маданий жана тарыхый мурастарга буруу;

- Патриоттук сезимин күчөтүү;

- Өз өлкөсүндөгү табигый жана маданий баалуулуктарга аяр мамиле жасоого тарбиялоо;

- Мамлекеттин көйгөйлөрүнө кайдыгер эмес адамдарды аныктоо жана сыйлоо.

Сынактын шарттары:

1. Катышуучулардын курагы 12-15 жаш (2000-2003-жылдары туулгандар).

2. Ар бир катышуучу чет өлкөгө чыгуучу паспортко ээ экенин же аны 2015-жылдын 25-декабрына чейин алууга мүмкүнчүлүгү бардыгын, ошондой эле эч кандай тоскоолдуксуз чет өлкөгө чыгууга мүмкүнчүлүгү бар экенин кепилдендириши шарт.

3. Аталган сынакка катышуу жана сынактык материалдарды жөнөтүү белгилүү мөөнөткө сапарга чыгууга керектүү бардык документтерди тоскоолдуксуз берүүгө балдардын ата-энелеринин макулдугу бар экенин билдирет.

4. Сынак 2015-жылдын 17-ноябрынан 17-декабрына чейин жүргүзүлүп, эмгектерди кабыл алуу 17-декабрда саат 17:00дө токтотулат.

5. Сынакка дил баяндар кыргыз, орус тилдеринде кабыл алынат.

6. Сынактын жыйынтыгы 2015-жылдын 20-декабрына чейин чыгарылат.

7. Сынак боюнча редакцияга жиберилген эмгектер кайра кайтарылбайт, аларга рецензия берилбейт.

8. Тийиштүү талаптарга жооп бербеген жана буга чейин башка сынактарда байгелүү орунду алган эмгектер сынакка катыша албайт.

Жеңүүчүнү редакциянын өкүлү коштоп жүрөт.

Сынактык дил баяндарды кабыл алуудагы электрондук даректер:

1. Нарын облусу: konkurs@super.kg (“Супер-Инфо” гезити)
2. Жалал-Абад облусу: webeditor@rferl.org ("Азаттык" радиосу)
3. Ош облусу: eltr_ktrk@mail.ru (ЭлТР телеканалы)
4. Ош шаары: ayk_84@mail.ru (НТС телеканалы)
5. Баткен облусу: zkanal@mail.ru ("7-канал" телеканалы)
6. Чүй облусу: zanoza.kg@gmail.com ("Zanoza.kg" сайты)
7. Бишкек шаары: konkurs@vb.kg, aida-kuzia@mail.ru ("Вечерний Бишкек" гезити)
8. Талас облусу: forum0312@gmail.com ("Фабула" гезити)
9. Ысык-Көл облусу: kabarlar.kg@gmail.com ("Кабарлар" сайты)


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан