Бүгүн, 16-ноябрда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 30га чукул жаран Ак үй алдына митингге чыкты. Көзү азиздер менен дүлөйлөр коомунун мүчөсү, Ош шаарынын тургуну Жетимиш Мамашевдин айтымында, көп жылдан бери үй алууга кезекке турган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер мамлекет бөлүп берип жаткан үйлөргө алардын коомунун төрагасы Калык Мамбетакуновдун айынан жете албай келишет.
"Мамлекет тарабынан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге деп бир топ үйлөр салынып, жер берилген. Тилекке каршы, биздин коомду 1989-жылдан бери башкарып келе жаткан Мамбетакунов ал мүлктөрдүн бир четин гана бизге көрсөтүп берип, калганын туугандарына жана тааныштарына сатып жиберген. Жакында эле Бишкектин Көк-Жар кичи районуна 9 кабаттуу үй салынып, аны 10-15 гана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге берген. Калганынын дайыны жок болуп жатат. Бул нерсеге эми чыдай албайбыз. Ошондуктан Мамбетакуновдун кызматтан кетүүсүн талап кылып жатабыз",- деди Мамашев.