Бүгүн Ак үйдүн алдына митингге чыккан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин маселесин депутаттар чечип берүүнү убада кылышты

Бүгүн, 16-ноябрда Ак үйдүн алдына митингге чыгышкан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын маселесин Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн парламенттик комитетте карап, чечип берүүнү убада кылышты. Бул тууралуу Азиздер жана дүлөйлөр коомунун мүчөсү Муктарбек Көлчүбаев билдирди. Анын айтымында, аталган коомдун айрым мүчөлөрү Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугуп чыгышты.

"Жогорку Кеңештин депутаттары бул боюнча атайын комиссия түзүп, ага биздин коомдун мүчөлөрү кире турганын билдиришти. Мындан тышкары бизге тажрыйбалуу юрист жалдап беришип, болгон мыйзам бузуу фактыларын аныктап чыгышарын айтышты. Эгерде иш оңунан чыкпаса, биз ачкачылык акциясына чыгабыз",- деди ал.

Айта кетсек, аталган коомдун 30га чукул мүчөсү бүгүн коомдун төрагасы Калык Мамбетакуновго каршы нааразычылык акциясын өткөрүштү. Алар көп жылдан бери үй алууга кезекке турганы менен, мамлекет бөлүп берип жаткан үйлөрдү Мамбетакунов жакындарына сатып жиберип жатканын айтышты.

"Жакында Бишкектин Көк-Жар кичи районуна 9 кабаттуу үй салынып, аны 10-15 гана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге берген. Калганынын дайыны жок болуп жатат. Ошондуктан аны кетириш керек, андан сырткары өтө карып калды. Кайсы бир маселени барып айтпа, ооруп калган болот",- дешти алар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
hann
2015-11-16 20:36:51
Адам баласы адам деген атты булгап алган заманда жашап жатат окшойбуз майыптарды курал катары колдонуп жатышса...
0
Nur4ik11
2015-11-16 22:01:31
Буларды ким митинке алып чыкты экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан