Экотехинспекция: Күйүүчү май ташыган автоунаасы менен Чычкан cуусуна соляркасын төгүп алган жаранга өлүп калган ар бир балык үчүн айып салынат

14-ноябрь күнү саат 21:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 264-чакырымындагы Өрүктү аймагында күйүүчү май ташыган 30 тонналык автоунаа Чычкан cуусуна түшүп кетип, соляркасы дарыяга төгүлүп калган. Мамлекеттик экотехинспекциянын басма сөз кызматынын жетекчиси Анарбек Абазбековдун SUPER.KG'ге билдиришинче, аталган мекеме бүгүн, 16-ноябрда Чычкан дарыясынын жана Токтогул суу сактагычындагы суудан аз өлчөмдө алып келип, Бишкектеги лабораторияга текшерүүгө өткөрүп берди.

"Лаборатория 8 сааттын ичинде жыйынтык чыгарып бериши керек. Эгерде солярка агып барып Токтогул суусуна кирчү болсо, андагы балыктардан айрылабыз. Токтогул суу сактагычында кеминде 500 сомдон 2 миң сомго чейинки баада сатылчу балыктын 9 түрү бар.

Ал эми соляркасын сууга төгүп алганы үчүн айдоочуга 5 миң сомдон 10 миң сомго чейинки өлчөмдө айып пул салынса, ар бир өлгөн балык үчүн ага 500 сомдон 2 миң сомго чейин айып пул салынат. Эгерде төлөөдөн кача турган болсо, кылмыш иши козголот",- деди Абазбеков.

Жол кырсыгынан 3 адам жабыркап, алар райондук ооруканага жеткирилишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
kelechek.kg
2015-11-16 16:17:03
аны бироо аландап кату айда дедиби шашпай секин айдаса мындай болбойт эле штраф салыш керек эгер ошондой бсо башкаларга сабак болот
-4
Er-jurok
2015-11-16 16:22:13
Мен ото каршымын бул нерсеге!
Себеби эки кун болду Оштон Бишкеке келгемин. Жолдун акывалына мышык ыйлайт, калп айтпасам жолдо 30 чакты камаз фуралар жолдо жатат ар турдуу жол кырсыгына кабылып. Аларга ким жооп берет. Бир машина жок жолду тазалаган. Ким тазалайт жолду?
Акчаны эмнеге толоп атабыз?
Чондор жол журбосо карапайым калктын акывалын каяктан билет. Алабел менен Тоо ашуудан Кудай жалгап отуп кеттик.
Мага ишенбесенер журналисттер барып тартып чыгарсын карапайым ка
+14
aitenir
2015-11-16 16:31:12
Барскоондун балыктарына канчадан толоду эле?
0
ayzyrek89
2015-11-16 16:34:12
Озун ойлоп акчасын эсептейтго тообо. Оштон Бишкекке жеткенче кудайлап жетесин ОЗУ.качан олуп калат экенмин деп жолдон коркуп
+4
merim97
2015-11-16 16:40:43
Мен каршымын.Кудай сактап жакшы аман калыптыр айдачу.Егер ошол жерде коз жумса Жогорууда иштегендер айдоочуга батыр наамын бериш керек и 100 мин бериш керек дейт. Ааа тиру калса айдоочу жогорууда иштегендерге 100 мин бериш керек екен да е.Ушуга окшогон анекдот барго
+4
saru
2015-11-16 16:56:14
Кыйратып салган экен,эгерде аа унаа депутаттыкы болгондо ,олгон балыкты озу Абазвеков тирилтет эле.Закон качан баарына бирдей иштейт,биринчи иликтеш керек эмне себеп болгонун.Биздин жолчулар да шаалакы болушчу эмес беле,балким жол тайгак кум себилбей калды
+2
timarama91
2015-11-16 16:58:35
Ээу байке ар нерсени жей бербечи. Эгер ошол бир карапайым эмес чиновник болсо ун соз жок калмаксын. Кечиресин сен деп суйлогонумо Анарбек Авазбеков.
+3
bond0202
2015-11-16 17:05:44
олгон балыктарды бирден эсептеп чыгабы эми?айдоочуга куноо койбой сууну тазалаганды ойлонушбайбы МЧСби же башкасыбы
+5
briliant87
2015-11-16 17:54:26
Корупция!
+2
kenjebek77
2015-11-16 18:01:20
Балыктан да адам омуру кымбат .айдоочу аман калыптыр жакшы.
+5
tairermatov
2015-11-16 18:18:42
Кырсык да эми, жон эле койсонорчу.
+3
Ayida
2015-11-16 18:41:30
Анарбек Авазбеков деген ким болсо ошол болсун.Алланын алдында жооп берер куну бар унутпагыла.Бул кайтар дуйно деп койот ким кимге кандай жамандык кылса озуно же балдарына созсуз кайтат
+5
RaHat19
2015-11-16 20:02:05
аман калыптырсынар экотех дегендер корупсионерлер алар кереги жок служба
+3
bolotbai3
2015-11-17 09:11:04
Балык деп журуп,балыктан жеп журуп балык башынан сасыйт болуп жатасынар да.Адамдын омурунон да балыкка жан тартып эми олуп калат экен да деп.Барскоонго уулу цианид тогулгондо, Экотехинспектегилер Колдун балыгы кырылып калат экен деп мынчалык чуу кылбадынар эле гоо.Барып барып эле озубузго алыбыз жетет да,Биз Кыргыз ушул пейилибиз да озубузду артка тартат.
0
jon.as
2015-11-17 09:27:44
Анарбек байкеси ушуну жон эле койбоптурсуз, кырсык деген айтып келбейтда, дагы жакшы адамдар аман калыптыр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан