16-ноябрда Бишкекте оңдоп-түзөөдөн кийин Безымянная көчөсү ишке берилди. Бул тууралуу Капиталдык курулуш башкармалыгына таянып калаа мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, аталган көчө капиталдык оңдоодон өтүп, анын алкагында эки катмарлуу асфальт төшөлдү. Жакын арада жөө адамдар басчу жол жана жол белгилери түшүрүлөт.