15-16-ноябрь күндөрү Ош шаардык жана Ош облустук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы менен өткөрүлгөн жыйында 11 айдын ичинде кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана коомдук коопсуздукту сактоодо жүргүзгөн ишмердүүлүктөрдүн аткарылышы, отчёттук мезгилдеги кемчиликтерди жоюу, терроризмге каршы күрөштү күчөтүү жана коопсуздук чараларын жандандыруу боюнча маселелер каралды. Бул тууралуу аталган башкармалыктан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Ош шаардык жана Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Сүйүнбек Өмүрзаков өз сөзүндө дүйнө жүзүндө жүз берип жаткан террордук актыларды жалпы адамзаттын өмүрүнө коркунуч алып келүүчү аракет катары баалап, бул багытта коопсуздук чараларын күчөтүүнү өздүк курамдан талап кылды жана коомчулук менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жандандырууну тапшырды.