Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин 16-ноябрдагы жыйынында «КРнын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзамынын долбоору каралып, 2-окууда четке кагылды.
Жарандардын эмгекке болгон укуктарын коргоого жана алардын иш издөөсүндөгү басмырлоолорго (дискриминацияга) жол бербөөгө багытталган аталган мыйзам долбоору V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан иштелип чыккан. Бул тууралуу түшүндүрмө берген Социалдык маселелер, билим, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы Садык Шер-Нияздын айтымында, сунушталган мыйзамды аткаруу кыйынга турарын билдирген негиздемелер өкмөттөн, президенттин аппараты менен Акыйкатчы институтунан да келип түшкөн.
Депутат Тазабек Икрамов талаш маселени жараткан мыйзам долбоорун колдобостугун билдирип, "Эгер ишке зарыл болгон критерийлерге карап талапкер тандалбаса, анда кандай болот?" деген суроону койсо, депутат Евгения Строкова дагы талкуудагы мыйзам долбоорун кубаттабастыгын билдирди.
Ал эми депутат Лунара Мамытова V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттары сунуштаган мыйзам долбоорун кайрадан карап чыгууга чакырды. “Соңку кездерде Сирияга кетип жаткан жарандардын көпчүлүгү ошол ишке чакырууларга ишенип, торго түшүп калып жатышкандыктарын көрүп отурбайбызбы”,- дейт Мамытова.
Депутат Жанар Акаев болсо талкуудагы мыйзам долбоорун артка кайтаруу сунушун берип, Баш мыйзамда адам укуктары бирдей сакталгандыгы менен түшүндүргөн позициясын билдирди.
Талкуунун соңунда тармактык комитет «КРнын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзамынын долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна "четке кагылсын" деген чечим менен алып чыгуу бүтүмүнө келди.