Тоң районунда коомдук ишмер, академик Азиз Салиевдин бюсту ачылды

Өткөн аптанын соңунда Тоң районундагы автордук мектепте коомдук ишмер, академик Азиз Салиевдин бюсту ачылды. Бул тууралуу 17-ноябрда Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, илимий жана чыгармачыл интеллигенция, окумуштуулар, Азиз Салиевдин окуучулары катышты. Автордук мектепте А.Салиевдин музейи ачылып, анда академиктин илимге, маданиятка, билимге кошкон салымы белгиленди. Билим берүү министрлигинин өкүлү Адилет Бекбоев академиктин атындагы сыйлыкты тапшырууну талкуулоону сунуштады. Окуучулар даярдаган концерттик программа кыргыз эстрадасынын ырчыларынын концерти менен коштолду.

Азиз Салиев Тоң районуна караштуу Күн-Чыгыш айылында 1925-жылы 10-ноябрда туулган. Кыргыз совет адабиятына сиңирген эмгеги жана илимий иштери үчүн эки жолу Ардак белгиси ордени, В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына "Каарман эмгеги үчүн" медалы, "1941–1945-жылдарда Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиш үчүн", "1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин аяктаганына 20 жыл", "СССРдин куралдуу күчтөрүнө 50 жыл", "Улуу Ата Мекендик согуштун жеңишине 25 жыл", "1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңишке 30 жыл" медалдары менен сыйланган. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты (1955–1959-жылдар) болгон. 1985-жылы "Кыргыз ССРинин Илимге эмгек сиңирген ишмери" деген наам берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан