Газ түтүктөрүн оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Бишкек шаарынын кээ бир көчөлөрүнө жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда “Газпром Кыргызстан” ишканасынын маалымат кызматы билдирди. Өчүрүү 18-ноябрдан 20-ноябрга чейин К.Акиев, Токтогул көчөлөрү, Чүй кең көчөсү жана Аламүдүн дарыясы курчаган аймакта болору айтылды.