УКМКнын Терроризмге каршы борбору адамдар көп топтолгон жерлерде, маанилүү объектилерде жана башка жерлерде терроризмге каршы коргонууну камсыздоо боюнча алдын алуу иш-чараларын улантууда.
УКМКнын берген маалыматына таянсак, 13-ноябрда Терроризмге каршы борбор “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын инфратүзүмүнүн объектилеринде кезектеги атайын окуусун өткөрдү. Анын максаты - терроризмге жана бүлүнтүүгө каршы коргонуунун даражасын текшерүү, персоналдын жана башка көзөмөлдөөчү кызматтардын сактыгын жогорулатуу, ошондой эле көрсөтүлгөн ишкананын коопсуздук тутумундагы аярлуу жерлерин табуу.
Жүргүзүлгөн иш-чаранын натыйжасында коопсуздук шарттарын талаптагыдай камсыздоого багытталган тиешелүү сунуштар берилди.
Терроризмге каршы борбор мындай иш-чараларды 2013-2014-жылдары да көрсөтүлгөн объектилерде өткөрүп, жыйынтыгында ишкананын жетекчилерине табылган кемчиликтерин жоюу боюнча тиешелүү сунуштар берилген.