Бүгүн, 17-ноябрда Бишкекте мамлекеттик кызматкерлерге жана ишкерлер уюмдарынын өкүлдөрүнө "Укуктук актылардагы коррупциогендик нормалар жана коррупцияга каршы экспертизаларды өткөрүү мониторинги" аттуу семинар өтүүдө. Аны Орусиянын Саратов облусунун Соода-өнөр жай палатасынын Укуктук департаментинин директору Сергей Леонов алып барууда.
Иш-чаранын уюштуруучусу, КРнын Бизнес ассоциацияларынын улуттук альянсынын төрагасы Улук Кыдырбаев: "Семинардын башкы максаты нормативдик актыларда коррупциогендик факторлорду аныктап, аны жоюу болуп саналат. Биз Экономика министрлиги менен бирге Коррупцияга каршы форум түзгөнбүз. Бул иш-чара ошонун алкагында өтүүдө. Жакынкы арада дагы эксперттерди чакырып, бизнес чөйрө менен мамлекеттик органдардын ортосундагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча
иш-аракеттерди жүргүзөбүз",- деди ал.