Сурамжылоого катышкан 150 ишкердин баары кандайдыр бир деңгээлде коррупцияга кабылганы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда КРнын Бизнес ассоциацияларынын улуттук альянсынын директору Улук Кыдырбаев SUPER.KG порталына билдирди. Анын айтымында, быйыл жайында Соода-өнөр жай палатасы жарандар арасында коомдогу эң көйгөйлүү маселелерди аныктоо үчүн атайын сурамжылоо жүргүзгөн. Натыйжада коррупция эң чоң социалдык маселе экени билинген.
"Мындай сурамжылоону биздин ассоциация да ишке ашырды. Ага 150 орто жана чакан бизнестин ишкерлери катышып, алар коррупцияга кабылганын айтышкан. Сурамжылоодо аныкталгандай, ишкерлер лицензия алууда, текшерүү маалында же соттук иштерде коррупцияга кабылышкан",- деди адис.