Бүгүн, 17-ноябрда Түркия Кыргыз Республикасына 5 "Тез жардам" унаасын тапшырды. Унаалар заманбап медициналык шаймандар менен жабдылган. Иш-чара Түркиянын кыргыз жериндеги элчилигинде болуп, ага Түркия элчиси Метин Кылыч жана КРнын Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев катышты. Бул "Тез жардам" унаалары Түркиянын өкмөттүк аппаратынын алдындагы Координация жана кызматташтык боюнча агенттиги тарабынан гранттык негизде берилди.
Элчи Метин Кылыч өлкөдө саламаттыкты сактоо тармагы өзгөчө орунда экенин айтты. "Саламаттыкты сактоо сектору мамлекетте негизги ролду ойнойт. Ошондой эле биз бул багыт боюнча кызматташууну улантабыз. Эки тараптуу макулдашуунун негизинде жакынкы айларда жогорку технологиялык медициналык клиниканын пайдубалын курууну пландап жатабыз",- деди Метин Кылыч.
Өз учурунда министр Батыралиев Түркия тарапка ыраазычылыгын айтты.