Бишкектеги Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү жарыктандыруу системи жаңыланды. Бул тууралуу 17-ноябрда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Капиталдык курулуш башкармалыгы аталган көчөдөгү Ахунбаев жана Токомбаев көчөсүнүн аралыгын оңдоп-түзөөдөн өткөрдү. Көрсөтүлгөн тилкеге 94 жарыктандыргыч, 42 темир түркүк орнотулду. Жарыктандыруучу системди алмаштыргандан кийин электр энергиясы 2 эсеге үнөмдөлгөн.