Бишкек мэриясынын Жеке турак жай департаменти тарабынан мыйзамсыз курулган эки дубал сүрдүрүлдү. Маалыматка караганда, Ак-Босого жана Дордой конуштарында муниципалдык жер тилкесине уруксаты жок дубалдар курулган.
Турак жайлардын дубалдарынын ээлерине көрсөтмө берилгенден кийин Ак-Босогодогу 2 х 25 метр жана Дордой конушундагы 20 х 2,20 метр аралыктагы курулуштар сүрдүрүлүп, мурдагы абалга келтирилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы 17-ноябрда маалымдады.