Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ислам аркылуу кырсыктардын тобокелчиликтерин азайтууга аракет жасоодо

Бүгүн, 17-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кырсыктардын тобокелчиликтерин азайтуу жөнүндө калктын маалыматтуулугун ислам аркылуу жогорулатууга арналган жыйын өткөрүүдө. Бул тууралуу Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, жыйын телекөпүрө түрүндө болуп, ага Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустары түз байланышта катышууда. Иш-чарага Бишкек шаарында өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, муфтий Максатбек ажы Токтомушев, Ош шаарындагы ӨКМнын кеңсесинен Ош облусунун казысынын орун басары Нурбек Орунбаев, Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактык жетекчилери менен дин өкүлдөрү катышууда.

Жыйындын башында ӨКМ тарабынан өзгөчө кырдаалдарды байкоо жана анын кесепеттерин жоюу иш-чаралары боюнча баяндама жасалды. Мындан сырткары муфтият менен биргеликте өткөрүлүп жаткан имамдарды окутуу боюнча жалпы маалыматтар берилди. Андан соң кырсыктардын алдын алуу, алардын кесепеттерин жоюуда калкка түшүндүрүү иштерин ӨКМнын адистери менен дин кызматкерлери биргеликте жүргүзүүсү тууралуу талкуулар уланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан