LG Electronics компаниясы дизайн тармагында дүйнөлүк престиждүү Red Dot Award сыйлыгынын алкагында "Жылдын бренди" наамына татыктуу болду. Муну менен LG мурунку жылдардагы жеңүүчүлөр: PepsiCo, Audi AG жана Mercedes-Benz компанияларынын катарына кошулду. LG мындан тышкары Red Dot Award сыйлыгынын тарыхында "Жылдын бренди" наамына гана эмес, "Жылдын мыкты дизайнерлер командасы" деген категорияда алдыга чыккан үчүнчү жеңүүчү болду.
LG "Коммуникациялык дизайн" категориясында Red Dot Award-2015 сыйлыгынын 13 аталышы боюнча жеңүүчү деп табылганы үчүн "Жылдын бренди" аталды. Мунун ичинде LG G4 смартфону жана LG Watch Urbane "акылдуу" сааттары белгиленди. Эки жабдуу тең интерфейсинин жөнөкөйлүгү, жеңил түзүмдөлүшү менен колдонуучулардын ыңгайлуулугу үчүн ылайыкташкан.
"LG`нин бренд-менеджменти өзгөчө компетенцияга ээ, талашсыз, урматтоого татыктуу. Компаниянын девизи жогоруда айтылган "Жашоо - керемет" («Life’s good») деген сөздү далилдейт. LG`нин продукциясын алган ар бир адам жашоосу комфортко айланганын дароо белгилейт. Компаниянын бренди ушунчалык ишенимдүү иштеп жатат",- деп билдирди Red Dot сыйлыгынын негиздөөчүсү жана аткаруучу директору Питер Зек.
"Red Dot`тун жогорку наамына татыктуу болуу менен LG дизайн тармагында компаниянын алдынкы позициясы инновацияларды жаратуудагы, мындан тышкары биздин гаджеттердин түшүнүктүүлүгүн жана ыңгайлуулугун ишке ашыруудагы ишенимдүүлүгүн айгинеледи. Биз "Мыкты жашоо үчүн инновация" принцибинин негизинде колдонуучулар менен биздин бренддин мамилесинин бекемделишине оң таасир берүүчү чыгармачылык чечимдерди кабыл алууну жана долбоорлоону улантабыз",- деп билдирди LG Electronics компаниясынын вице-президенти Чанг-хо Но.