Бүгүн, 17-ноябрда Казакстандын Кордай районунун Карасуу айылында бир нече жылдан бери кулчулукта жүргөн кыргыз жараны куткарылды. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, ал аталган айылдагы фермердик чарбада кулчулукта жүргөн. Аны кулчулуктан Кыргыз Республикасынын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу менен Эл аралык миграция уюмунун Бишкек шаарындагы өкүлчүлүгү биргеликте куткарып чыкты. Учурда ал жаран психикалык жана укуктук жардам алуу үчүн Алматы шаарындагы реабилитациялык борборлордун бирине жаткырылды. Эми аны кыргыз өлкөсүнө алып келүү аракети көрүлөт.