Бүгүн, 17-ноябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо кыргыз футболчулары менен Иордания курамасынын футболдук беттеши орун алат. Учурда күйөрмандар стадионго кирип, өз орундуктарына жайгашып жатышат. Сыртта милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте коопсуздукту сактап, ар бир күйөрманды текшерип киргизишүүдө. Талапка ылайык, аларды желим бөтөлкө жана кесип кетүүчү предметтер менен киргизбей жатышат.