Бүгүн, 17-ноябрда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун алкагында кыргыз футболчулары менен Иордания курамасы беттешти. Оюн 1:0 эсебинде жыйынтыкталып, кыргыз футболчулары 3 упайга ээ болушту. Оюндагы голду 47-мүнөттө Антон Землянухин киргизди.
Бул жеңишти Кыргыз Республикасынын футбол боюнча курама командасынын күйөрмандары кызуу майрамдашты. Стадиондон чыккан соң алар Тоголок Молдо көчөсү менен Киев көчөсүнө чейин жөө басып, мамлекеттик желекти желбиретип, "Оле! Оле-оле-оле! Чемпион, чемпион!" деп ырдашты.