Бишкек шаардык таштанды таштоочу жайдын кызматкерлери директоруна нааразылыгын билдиришти

Бишкек шаардык таштанды таштоочу жайдын кызматкерлери директоруна нааразы экенин билдиришти. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги жыйынында белгилүү болду.

Аталган полигондун Профсоюз комитетинин жетекчиси Дулат Садыров депутаттардын астында сөз сүйлөдү. «Биздин төрага Алыбек Апасов 5 кызматкерди себепсиз иштен бошотту. Эртең мен да жумушу жок каламбы деп ойлоп жатам. Жаныбарлардын өлүктөрүн өрттөө биздин ашканабыздан 25 метр гана алыстыкта жайгашкан. Андан чыккан түтүн биздин ден соолукка зыян келтирүүдө, ооруп жатабыз. Аны башка жакка жылдыруу керек десек, жетекчибиз макул эмес. Ишинде мындан башка да кемчиликтер бар, андыктан бизге иштин көзүн билген башка жетекчи керек деп ойлойбуз»,- деди полигондун кызматкери.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kobra86
2015-11-18 12:07:08
Ошол башчы Алыбек Апасовдун озун ошол ашканадан тамактандырыш керек ошондо мээсине жетет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан